Шамшиев, Бекташ

Википедия дан

Бекташ Шамшиев (1956-жылы 9-июлда төрөлгөн) – Кыргызстандагы кыргыз жана орус тилдеринде жазган адабият сынчысы, окумуштуу, публицист жана журналист, филология илимдеринин кандидаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекташ Шамшиев 1956-жылы 9-июлда Кыргызстандын мурдагы Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абат облусундагы) Сузак районундагы Кара-Март кыштагында төрөлгөн.

Ал туулуп өскөн айыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул айыл - Фергана тоо кыркаларын бойлогон жаңгак-мөмө-жемиш токоюна жакын, узунунан созулган өрөөндү тең жарып өткөн сайды бойлой жайгашкан чоң кыштак.

Социализм учурунда «Сузак» совхозунун борбору катары таанымал болчу. Үч мектеп, оорукана, почта, айылдык кеңеш имараттары курулган.

Эмнеликтен Карамарт аталып калышынын деле сыры жөнөкөй. Ал жерде жапалак арча сымал жыгачы катуу карамарт деген дарак өскөн. Экологиянын барк-баасы жок кезде жергиликтүү эл аны отунга кыйып жок кылып коюшкан, бирок дарактын аты сакталып калган.

Билим алуу жана чыгармачыл телчигүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол айылдагы 8 жылдык мектепти аяктаган соң, карамарттык кара улан коңшу Ак-Тооктогу орто мектепти 1973-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетине тапшырат.

Жазуучу болом деп келген дымагы курсташтарынын текши баары жазып жатканын көргөндөн кийин кыйла басылып, алардан айырмаланып сынчы болууну ойлоно баштайт.

Арада аңгеме, ырлар жазат.

Алардын айрымдары чыгып, калгандары чыкпай, бирок да от тутандырыкка жарап берет.

Сын макалалары да өзүнчө кепке алынып, үмүттөндүргөн жаш сынчы катары аты атала баштайт.

Кийинки эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз улуттук университетиндеги окуусун 1978-жылы аяктап, «Мектеп» басмасында ката издегич болуп иштеп калат.

Ал жерде жүрүп «Кайдасыңар, кийиктерим?» деген аңгемелер жыйнагын чыгарат.

1980-жылдан 1995-жылга чейин Кыргызстан Улуттук Илимдер академиясында иштейт.

Мында Тил жана адабият институтунда илимий редактор, кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, директордун илимий иштер боюнча орунбасарына чейин жетет.

Ара-чолодо илимий иликтөөсүн улантат.

1990-жылы А.Осмоновдун кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө тийгизген таасирин иликтеген кандидаттык диссертациясын коргоп, филология илим кандидаты болуп калат.

Кийинки жылы (1991) диссертациясын орус тилинде китеп кылып чыгарат.

Андан соң башка калемдеши менен бирге Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгын иликтеген эмгек жазып, жарыялайт.

Социализм доору аяктап бараткан чакта жазган бир макаласы америкалык “World Literature Today” журналына которулат.

1995-жылы март-июн айларында Түркияда болуп, түрк тилдүү өлкөлөрдүн мектеп, лицейлери үчүн адабият жаатында орток окуу китеп жазууга катышып, анын кыргыз адабияты бөлүмүн адабиятчы Мырзабек Жумаев экөөлөп бүтүрүшөт.

Бул орток китеп кийинчерээк жарык көрдү.

Илимий эмгектери Кыргызстан, Түркия, Орусия жана АКШда чыккан.

Журналисттик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркиядан келгенден кийин журналистикага ооп, эркин басылмалар болгон «Рес Публика», «Асаба» гезиттеринде иштейт.

Эркин «Рес Публика» (лат. Res Publica) гезитинде иштеп жүргөндө эки ирет сотко чакырылып, экөөндө тең акталып чыгат.

Биртоп публицистикалык макалаларды жазат.

1996-жылдын күзүнөн тартып 2010-жылдын күзүнө чейин «Азаттык» үналгысынын жергиликтүү кабарчысы катары иштеди.

Мында ал маданий, экономикалык, саясий темадагы жүздөгөн макалаларды жазды.

Арада биртоп аңгеме, сын макалаларын гезит-журналдарга жарыялаган.

2010-2012-жылдары Бишкектеги Чүй университетинде эмгектенди.

Учурда (2017-жылы) "Азаттык" үналгысында тыш кабарчы болуп иштеп келет.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шамшиев Б. Кайдасыңар, кийиктерим. – Фрунзе, Мектеп, 1986.
  • Шамшиев Б. Роль поэтического наследия Алыкула Осмонова в развитии киргизской советской поэзии в 1950-60 гг. - Бишкек, Илим, 1993
  • Шамшиев Б. Кыргыз адабиятынан: Жоомарт Бөкөнбаев - Бишкек, 1996. (калемдешип жазган).
  • Shamshiev B. Post-Socialist Kyrgyz Literature: Crisis or Renaissance?, by Bektash Shamshiev and Peter Rollberg // World Literature Today. 1996. USA. (a separate article was published by University of Oklahoma on June 22, 1996.)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]