Мазмунга өтүү

Шамшы көрүстөнү

Википедия — ачык энциклопедия

Шамшы көрүстөнү - 4-5-кылымга таандык сак урууларынын дөбө мүрзөлөрү.

Токмок шаарынын түш-чыгышындагы Шамшы коктусунда жайгашкан. Диаметри 20 м, бийиктиги 2 м. Казанактын ичинде калың арча күлүнүн үстүнө табытка салынган аялдын сөөгү, ошондой эле алтын чөйчөк, алтын кутуча, кашык, шайы кездеме калдыгы ж. б. майда буюмдар табылган. Аялдын башына алтын, күмүш, асыл таштар менен кооздолуп, кыргагына алтын төтөгөлөр илинген таажы кийгизилген. Бетине алтын каңылтыр бет кеп (эки көзүнө тегерек кызыл акак таштар чөгөрүлгөн) көкүрөгүнө алтын желпүүр жабылган. Эки билегине ак нефриттен жасалган төрттөн сегиз билерик, манжаларына асыл таштар чөгөрүлгөн кооз, эки алтын шакек салынган. Кулагына кооз алтын сөйкө, чачына алтын чачпактар, мойнуна алтын жалатылып, кара кочкул асыл таштан жасалган аял келбеттүү медальон тагылган. Бели күмүш чаптырылган эни беш эли кемер менен курчалган. Табыттын жанына коло казан, карапа идиш, алтынга буулантылып, асыл таштар менен кооздолгон ат жабдыктары (жүгөн, ээрдинсыныгы, куюшкандын төңөлүктөрү ж. б.) коюлган. 1958-ж. археологдор П. Н. Кожемяко, Ы. Кожомбердиев изилдеген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4