Шанек (шанык), ашуусу

Википедия дан

Шанек (шанык) ашуусу - Талас Ала-Тоосунда, Бешташ (Таластын оң куймасы), Шанек (Узун акматтын сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3532 м. Ашуу соңку ордовиктин гранит, гранит-диорит тектеринен турат. Ашуунун мойногу тар жана тик, капталдары терең капчыгайларга түшөт. Ашуу июнь айынан октябрь — ноябрга чейин ачык болуп, мал ашырылат. Талас жана Кетмен төбө өрөөндөрүн байланыштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]