Шапак бий
Көрүнүш
Шапак бий (болжолу 17-кылымдын 40-жылдары — 1813) — бугу уруусунун Белек насилинен чыккан бий.
Чет жердик баскынчыларга каршы күрөшүүдө таанылган баатыр. Орус тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда бугу уруусунун бир бөлүгүн бийлеп турган. Кыргыз конуштары аркылуу өткөн орус соода кербендерине колдоо көрсөтүп, 19-кылымдын башында Батыш Сибирь администрация менен алака жүргүзүүгө жетише алган.
1813-ж. бугу уруусуна атайын миссия менен келген А. Л. Бубеновду кабыл алган. Сөөгү азыркы Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айлына коюлган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жылкыбаева Ж.Шапак баатыр баяны. —Б.: 1992.