Шарап кислотасы
Көрүнүш
Шарап кислотасы, диокси акак к-тасы, НООС-(СНОН)2-СООН — эки негиздүү төрт атомдуу окси к- та, түссүз кристалл, сууда жакшы, спиртте жана башка орг. эриткичтерде начар эрийт. Мол-сында көмүртек асимметриялык 2 атому бар. Ш. к. 4 изомери белгилүү: Д-Ш. к. (L-Ш. к., Д, L Ш.К. (жүзүм к-тасы). мезо-Ш. к. Булардын ичинен Д-Ш. к. маанилүү. Ал эркин же туз түрүндө көптөгөн жемиштерде, көбүнчө жүзүмдө болот. Анын калий тузуна минералдык кислоталарды таасир кылуудан алынат. Д-Ш. к. жана анын туздары тамак-аш ө. ж-нда, орг. синтезде, медицинада колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6