Шарифжон Абдураззоков

Википедия дан
Шарифжон Абдураззоков

Акын Шарифжон Абдураззоков 1930-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында туулган. 1952-жылы Маргалан шаарындагы мугалимдерди даярдоочу институтту бүтүргөн. Кесиби – тажик тили жана адабияты мугалими. Үч-Коргондогу А.С.Пушкин, “Кылыз-Шоро”, С.Айни атындагы орто мектептерде кырк жылдан ашуун мугалим болуп эмгектенген. 1958–1962-жж. Үч-Коргон районунда уюштурулган тажик тилиндеги “Мелдеш желеги” жана “Алга” деп аталган гезиттердин алгачкы редактору болуп иштеген. “Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги” болгон жана тажик Республикасынын “Өзгөчө кызматы үчүн” медалы менен сыйланган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган акын. 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Атанын насыяты: Ырлар. – Дүйшөмбү: Девиштич, 2005. – 158 б.
  • Турмуш тажрыйбасы: Ырлар. – Дүйшөмбү: Адиб, 2007. – 192 б.
  • Өмүр өтсүн сени деп: Ырлар. – Б.: Гүлчынар, 2009. – 114 б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.:2011. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.