Шарх сүрөсү

Википедия дан
  • 94-сүрө

Шарх сүрөсү (1) Ачуу, кеңейтүү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. 8 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • "1. Биз сенин көкүрөгүңдү (2) жүрөгүңдү ачпадыкпы?
  • (О, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи? (2)"
  • "2. Жана сенин үстүңдөгү оор жүктү алып салбадыкпы?
  • Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык."
  • "3. Ошол жүк сенин жонуңду басып турган эле.
  • Ал сенин желкеңди эзип турган"
  • "4. Жана сенин атыңды көтөрбөдүкпү (3)?
  • Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк. (3)"
  • "5. Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик (келет).
  • Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар"
  • "6. Чындыгында, кыйындык улай жеңилдик (келет).
  • Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар"
  • "7. Эгерде (намаздан) бошосоң, (дубага) кириш.
  • Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш. "
  • "8. Жараткан Эгең жалбар!
  • Жана Раббиңе (4) гана умтул!"