Мазмунга өтүү

Шаршеев Каныбек

Википедия — ачык энциклопедия

Шаршеев Каныбек (1950-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы) - физика-математика илимдин доктору (2000), проф. (2002). КМУну (1972), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1979) бүтүргөн.

Пржевальск мамлекеттик педагогика институтунда окутуучу, улук окутуучу (197276), Кыргыз ССР ИАнын ФМИде инженер, улук лаборант, улук инженер, илимий кызматкер (197985), Пржевальск мамлекеттик педагогика институтунда кафедра башчысы, доцент, декан, Илимий-өндүрүштүк борбордун директору (1986-2008), 2008-жылдан Нанотехнологиялар борборунун директору. Катуу телолор физикасы боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгеги, а. и. 2 монография, ЖОЖдор үчүн 13 окуу китеби, 14 окуу куралы жарык көрүп, 3 ойлоп табуучулук, 11 автордук күбөлүктүн ээси.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4