Шаршембиев, Жылкычы

Википедия дан
Жылкычы Шаршембиев - уста, ээрчи, булгаарычы, боз үй жасагыч, зергер. Бишкек ш. 26.1.2016.

Жылкычы Шаршембиев (10.05.1944) - кыргызстандык уста, көркөм өнөр устаты, ээрчи, булгаарычы, боз үй жасагыч, зергер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылкычы Шаршембиев Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө кыштагында 1944-жылдын бугу (май) айынын 10унда туулган. Ата-теги көлдүк саяк уруусунан.

Чоң атасы Токтосун – “Кара уста” деген атка конгон, кабанын кожояр тукумунан. Ал 1906- же 1907-ж. ажылыкка Мекеге барып, ошол жакта өлгөн. Токтосун өзү Текесте кыргыз айылында туулган.

Атасы – Шаршемби Токтосун уулу 1889-жылы туулган, Үркүнгө катышкан. Кытайдан 1918-жылы кайтып келген. Кулакка 1929-жылы тартылып, абактан 3-4 жолу качкан. 1942-жылы айылына кайткан.

Жылкычынын айтымында: “Атам Шаршемби булгаары уста болгон, кийинчерээк ишин көмүскө аткарчу (совет доорунда, кулакка тартуу кезеңинде, кол өнөрчүлүккө жеке ишкердик катары кайсы бир жылдары тыйуу салынган)”.

Шаршемби Токтосун уулу 1975-жылы июнда каза болгон.

Жылкычы Ысык-Көлдөгү Челек жайлоосунда Кызыл-Саз конушунда туулган. 1951-жылга чейин тоодо өсүп, жайлоо-кыштоодо жашап, кийин гана жакага түшкөн.

Жылкычы Советтик армияда 1965-68-жж. кызмат өтөгөн.

Ал Казакстандагы Төрөтам жергесинде (Байкоңурдун жанында) аскерде жүргөндө айтылуу Юрий Гагаринди көргөн.

Бишкек шаарындагы мурдагы Фрунзе көркөм өнөр окуу жайында - азыркы тапта Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайында 1969-73-жж. окуп, сүрөт жана чийүү боюнча окутуучу адистигин алган.

Көркөм өнөр жаатындагы чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылкычы 1966-жылдан (аскерде кезинен) тартып көргөзмөлөргө катышкан.

"Ыргактуу сызыктар" - "Поющие линии" графика стили менен да алектенген.

Кыргыздын заманбап ээр чабуу өнөрүн сактап келе жаткан усталардын бири.

Ал жасаган күмүш чөмдүрүлгөн кыргызча усулдагы ээрди 1986-жылы СССРдин лидери Михаил Горбачев АКШ президенти Роналд Рейганга белекке берген.

Бул ээрдин окуясын ал мындайча эскерет:

“1986-жылы эле. Бир күнү иште отурсам "Кыялдын" кызматкерлери келип "Кыргызстанга атайын Москвадан ЦКнын заказы келди, аттын ээрин сенден өтөөр эч ким жасабайт, бул өтө жогорку даражалуу адамдарга жасала турган буюм" деп айтышты. Ошол учурда Рейган Москвага келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт экен, ага жакшы белек даярдоо үчүн анын эмнеге кызыгаарын сураштырышыптыр. Рейган мурун ковбой болуп жүргөн адам, ал ээрди жакшы көрөт экен, өзүнүн жылкы кармаган ранчосу, ээрлердин коллекциясын жыйнаган адам деп айтышыптыр. Рейгандын кызыгуусун билип, СССРдеги республикалардын ичинен кайсыл жакта ээрди мыкты жасашат деп сурамжылап, акыры Кыргызстанга беришиптир. Кыргызстандан "Кыялга" буйрутма түшүп, анан мени издеп келишкен экен. Мен агезде "Кыялда" иштебей калгам. Рейган үчүн жасала турган ээр кандай болуш керектигин айтып, аны менен катар эки журнал беришти. Бул журналдар АКШнын ат үстүндө жүргөн белгилүү адамдарына арналган журналдар экен. Алардын ичинде ээрлердин үлгүлөрү бар болчу. Ошол ээрлерди карап Америка ковбойлорунукуна окшоштуруп жаса дешти. Ээрди үч айда жасап бүтүрдүм. 3-декабрда "Кыялдын" директору Султан Макашев алып кеткен. Айтор, сый-урматтын баарын көргөн ошолор болушту. Мага 2200 рубль төлөп беришти. Директор Москвага барып ээрди берип келгенден кийин чогулуш жасап, менин залда отурганымды байкабай калса керек, ошол жерден уялбай эле балп эткизе "мынакей биздин "Кыялдын" өркүндөп-өскөнүн байкап койгула, ээрди алып бардык эле ушунчалык жакшы кабыл алып, абдан жактырышты, ушул ээрдин автору Султан Макашов" деп оозу-мурду кыйшайбай эле айтып койду. Мен дароо эле чыгып "бул кандайча болуп кетти, уялсаңар боло?" десем, эч кимдин бети чымыраган жок. Султанга барып "бул эмне кылганыңар?" десем унчукпай басып кетти. Чындыгында Султандын ал ээрге колу да тийген эмес. Ошол кезде "Советская Киргизия" гезитине Султан Макашевди ичип-жеди деп абдан сындалып жазылган макала чыккан. Ошол сындын айынан директорду кызматтан кетиришкен. А Султандын БКдагы тааныштары аркылуу ээрди жасаган менмин деп ордунда калуу амалдары экен. Аны ээрдин автору деп ордунда калтырышты. Ошол кезде биздин ириген-чириген системанын кесепетин өз жонум менен тарттым.

- Рейганга ээр кандай жасалды эле?

- Ээр күмүш менен кооздолуп, териге оймо-чиймелүү наар басылган. Америкалык ковбойлордун ээри менен кыргыздын ээрлеринин ортосунда окшоштуктар бар. Чындыгында тарыхта Америкадагы ковбой ээрлери биздин Акбуура деген баатырдын ээринен тараган деген түшүнүк бар. Ал түндүк-түштүк согушуна барып, Американын атчандар армиясын кураган экен. Ушул ээр баарына жагып, кийин чарбалык ээрге айланып кеткен. Ошол кыргыздын кушмач ээринин үлгүсүндө Американын ковбой ээрлери өркүндөгөн. Мексикалыктар биздин кушмач ээрин өркүндөтүп отуруп, эң туу чокусуна жеткиришкен. "Зорро" деген тасмадагы баш каарман минген аттын ээри кыргыз ээринин жеткен туу чокусу деп айтса болот”.

Булак: “Агым” гезити. http://presskg.com/agym/13/0705_12.htm(жеткиликсиз шилтеме)

Жыгач уста Жылкычы Шаршембиевдин кыпчак жана орус ээри тууралуу Т.Чоротегинге бир айтканы бар:

"Биз "орус ээр" дегенибиз - орто кылымдардагы кыпчактын "арчындама" деген ээри. Бул сөздү мурда орустар да колдонуп, ушул түрдөгү ээрди "арчак" деп атап, мындайча айтканда, кыпчак сөзүн колдонушчу".

Булак: http://www.azattyk.org/content/kyrgyz_term_study_forum_soz_taanuu_sherinesi/2303052.html

Эң көп ээр жасаган учуру Т.Океевдин "Чыңгызхан" деген фильминде болгон. Ошол учурда 100 ээрди чыпчыргасы менен толук жети айда жасады. “Азыр күйөө балдарым, шакирттерим да ээр жасап жүрүшөт” – дейт уста.

Ал боз үй жасоо өнөрүнө да астейдил мамиле жасоо керек деп санайт:

“Кыргыздын боз үйүн да өркүндөтүш керек экенин айткым келет. Анын келечеги алдыда. Кол өнөрчүлүк боюнча жаштарыбыз билимдүү болсо дейм. Мындан 4-5 жыл мурун бир долбоордун алкагында алты-жети балага мастер класс окуттум. Буларга эки ээрдин үлгүсүн берип, ошол жерден жасаттым. Боз үйдү да үйрөттүм. Ушуларды окутуп, үйрөтө турган борбор болсо жакшы болмок. Кыргыз этно-ордо жасасак деген максат бар, ошого ылайыктуу, жооп бере турган долбоорлор бар. Атургай керегенин башына ууктун учун жипсиз эле орнотуп, боз үй тикпеген адамдар да тиге ала турган долбоорлор бар.”.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы – Жеңиш Йешеева, 14.5.1945 туулган. Теги – казактын улуу жүзүнө кирчү чапырашты уруусунан.

Алар 28.5.1964 үйлөнүшкөн.

Жети кыз, бир уулдуу болушкан.

Кыздары: Фарзана, 1965; Кадыркүл, 1967; Алия, 1969; Назира, 1971; Жаңыл, англисче билет, 1974; Раушан, 1985; Айтолкун, 1989.

Уулу Жаныбек болсо 1982-жылы төрөлгөн.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азырынча олуттуу сыйлыктары жок. Бир катар ардак кагаздар менен сыйланган.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча чыгармалары ар кыл музейлерде коюлган.

  • Боз үйлөр
  • Ээрлер
  • Зергердик буюмдар
  • Булгаары буюмдары


Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]