Термечиков, Шаршен

Википедия дан
Шаршен Термечик уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Шаршен Термечик уулу (Шаршен Термечиков) (1896-1942) - кыргыз ырчы, комузчу, элдик куудул, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941).
1896-жылы Чүй боорундагы Сокулук районундагы Көнөк (Токбай?) айылында дүйнөгө келген. Бай-манапка малай болуп жүргөн.
1931-1939-ж. Кыргыз драма театрында, кийин өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.
Турмуштагы, айрыкча кыргыздын эски каада-салтындагы кемчиликтер, жакыр турмуш, кишилердин терс жоорук-жосундарын, аткаминерлердин алдым-жуттумдугун, жалкоо, жатып ичерлерди өз башынан өткөргөн окуя, өз кемчилиги катары элге тартуулаган куудул болгон. Ш. тууроочулук (имитатор) өнөрү м-н да таанымал куудул. Куудулук таланты теңдешсиз бул адам Кыргызстанда туңгуч ирет «Жалгыз актер театрын» жараткан. Юморлору өзүнчө китеп болуп чыккан. Көптөгөн сыйлыктардын ээси.
Ш-дин “Сыртына кайырма”, “Ичине кайырма”, “Кантың бар” сыяктуу элге белгилүү ырлары да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талант тагдыры: Эл куудулу Шаршен Термечиков