Шар Рене
Шар Рене (14. 6. 1907, Лиль-сюр-ла-Сорг, Воклюз департаменти - 19. 2. 1988, Париж) - француз акыны, 20-кылымдын чоң акындарынын бири.
1929-ж. Бретон, Арагон ж. б. сюрреалисттер менен таанышкан. Ырлары «Сюрреалисттик революция» журналына үзбөй жарыяланып турган. 1935-ж.сюрреалистер тобунан бөлүнүп кеткен. 1941-45-ж. Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу, партизан отрядында салгылашкан. Согуштан кийинки «Ачуу келүү жана сыр» (1948) деген ырлар жыйнагын А. Камю франдуз поэзиясындагы Рембонун «Жарк этүү» жана Аполлинердин «Алкоголдорунан» кийинки эле таң каларлык көрүнүш катары баалаган («Рене Шар» эссеси, 1958). Ш-дын калемине «Төмөндү жана чокуну издөө» (1955), «Сөз - Архипелаг» (1962), «Жоголгон жыладачтык» (1971), «Баландрананын ыры» (1977) ыр жыйнактары, сүрөткер достору жөнүндөгү көптөгөн эсселер таандык. Франциянын ардактуу легион, илим жана искусствосу ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4