Шатенов, Алтынбек Касымбекович

Википедия дан
Шатенов, Алтынбек‎»‎ барагынан багытталды)

Шатенов Алтынбек Касымбекович (8.2.1960 ж. т., азыркы Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району, Григорьевка айылы - 4.10.2015, Каракол) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993)., Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010).

1986-ж. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз акад. драма театрынын алдындагы студияны бүтүргөн. 1980-93-ж. Кыргыз акад. драма театрында, 1983жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл обл. драма театрында эмгектенет. Аткарган ролдору: Бекзат (М. Касенов, «Алда жаш жубайлар ай»), Желдеңбай, Зөөкүр (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»), Хулиган (Ж. Садыков, «Өлүп тирилгендер»), Жевакин (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Аккан (К. Жантөшев, «Курманбек»), Машырбек (Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт»), Самаган (В. Калчабаева, «Мен сүйгөн обон»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Петруха(Ч. Айтматов, «Кыямат»), Карабай(3. Сооронбаева, «Сынганмазар»), Искен(М. Мамазаирова, «Кымгуут түшкөн бир кечте»), Манас (Ж. Кулманбетов, «Манас, Манас болгону...»), Арстанбеков (Э. Турсунов, «Баш мээси менен»), Корол Лир (У. Шекспир, «Король Лир»), К. Тыныстанов (А. Чекиров, «Кызыл профессор»), Макбет (Э. Ионеско, «Макбет»), Петров (Д. Сариев, «Кайран эл»), Базиль (П. Бомарше, «Фигаронун үйлөнүшү) ж. б. С. Жумадылов, М. Рыскулов атындагы еыйлыктардын ээси. Медалдар менен сыйланган.

2015-жылдын 4-октябрянда Каракол шаарында кайтыш болгон.;

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.