Шаңкөл өрөөнү

Википедия дан
Шаңкѳл ѳрѳѳнү‎»‎ барагынан багытталды)

Шаңкөл өрөөнү - Кичи Алай кырка тоосунан түндүктө, Белалма тоосунун ортоңку бөлүгүндө меридиан багытында жайгашкан.

Белалманын этектери ж-а Ноокат түздүгү м-н чектешет. Уз. 30 км, туурасы 2–10 км. Орт. бийикт. 1400 м, эң бийик жери 2600 м. Өрөөн тектон. Кыймылдан пайда болгон. Түш. капталы тик, жалама аскалуу, батыш ж-а чыгыш капталдары өтө тилмеленген. Түндүгү кууш, чыгышы жайык келип, байыркы мореналар, тепши сымал ойдуңдар, чуңкурлар, корум таштар басымдуу. Июлдун орт. темп-расы 20–24°С , январдыкы —7...—10°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Кургак талаа (1300–1400 м), талаа (1400–1800 м), арчалуу токой (1800–2000 м), шалбаа (2600 м-ден жогору) ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]