Швейцария улуттук футбол курамасы
| Швейцария улуттук футбол курамасы | |||
|---|---|---|---|
| Лакап аттары | А-Командасы (англ. A-Team) Нати (нем. Nati) Кызыл чырымдуулар (итал. Rossocrociati) | ||
| Конфедерациясы | УЕФА (Европа) | ||
| Федерациясы | Швейцария футбол ассоциациясы | ||
| Башкы машыктыруучусу |
Мурат Якин | ||
| Капитаны | Гранит Жака | ||
| Эң көп оюн саны |
Гранит Жака (143) | ||
| Мыкты бомбардири |
Александр Фрай (42) | ||
| Үй стадиону | «Сен-Якоб Парк» | ||
| ФИФА коду | SUI | ||
| ФИФА рейтинги | |||
| Азыркы | 19 ▼ 1 (1- апрель 2026)[1] | ||
| Мыкты | 3 (август 1993) | ||
| Төмөнкү | 83 (декабрь 1998) | ||
| Формасы | |||
| |||
| Биринчи оюн (Париж, Франция; 12-февраль 1905) | |||
| Эң ири жеңиш (Париж, Франция; 25-май 1924) | |||
| Эң ири жеңилүү (Базел, Швейцария; 20-май 1909) (Будапешт, Мажарстан; 29-октябрь 1911) | |||
| Дүйнө чемпионаты | |||
| Катышуусу | 12 (биринчи жолу 1934-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чейрек финал (1934, 1938, 1954) | ||
| Европа чемпионаты | |||
| Катышуусу | 6 (биринчи жолу 1996-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чейрек финал (2020, 2024) | ||
| Улуттар лигасынын финалдары | |||
| Катышуусу | 1 (биринчи жолу 2019-жылы) | ||
| Жетишкендиги | 4-орун (2019) | ||
Швейцария улуттук футбол курамасы (нем. Schweizer Fussballnationalmannschaft, фр. L’équipe de Suisse de football, итал. Nazionale di calcio della Svizzera, рома. Squadra naziunala da ballape da la Svizra) — эл аралык футбол мелдештеринде Швейцариянын атынан чыгуучу команда. Команданы Швейцария футбол ассоциациясы башкарат.
Дүйнө чемпионаттарындагы эң жакшы жыйынтыгы — 1934, 1938 жана 1954-жылдары чейрек финалга чыгуу. 1954-жылы өз өлкөсүндө өткөн турнирде Австрияга 7:5 эсебинде утулган. Бул оюн дүйнө чемпионаттарындагы эң көп гол киргизилген матч катары белгилүү.
2006 Дүйнө чемпионатында Швейцария кызыктуу рекорд койгон: бир да гол өткөрбөй туруп турнирден чыгып калган (Украина курамасына пенальти тебүүдөн утулган). Ошондой эле 2010 Дүйнө чемпионатында узак убакыт гол өткөрбөй рекорд жараткан.
Европа чемпионатында команда узак убакыт ийгиликке жетише алган эмес, бирок 2016-жылдан баштап плей-офф баскычына чыгып, 2020 жана 2024-жылдары чейрек финалга чейин жеткен.
Жалпы эң мыкты жетишкендиги — 1924-жылкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль алуу.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Швейцария футбол ассоциациясынын расмий сайты
- Швейцария УЕФА сайтында
- Швейцария ФИФА сайтында
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |