Швец-Базарный Григорий Иванович
Көрүнүш
Швец-Базарный Григорий Иванович (1878, Орусия империясы, Воронеж губерниясы, Павловка уезди–1947) – Пишпек уездинде Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн. 1905–1907-жылы революциячыл кыймылга катышкан. 1917-жылдын жайынан Пишпекте солдаттар арасында революциячыл иш жүргүзүп, анын ичинде Иваницин жана И.С. Меркундун большевиктер тобу менен байланышта болгон. 1918-жылдан Пишпек солдат, жумушчу депутаттар советинин төрагасы болуп иштеген. "Пишпекский листок" гезитинин редакторлорунун бири. Кийин чарба кызматтарында иштеген.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.