Мазмунга өтүү

Шейшенбаев Эркинбек

Википедия — ачык энциклопедия

Шейшенбаев Эркинбек – акын. Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында 1980-жылы 21-сентябрда туулган. 1997-жылы Шамшы орто мектебин аяктап, 1997-2002-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетинде окуп, 2003-2006-жж. ошол эле окуу жайдын аспирантура бөлүмүндө Адабият теориясы адистиги боюнча аспирант болгон.

2003-2005-жж. Кыргыз Улуттук университетинин мамлекеттик тилдин теориясы жана практикасы кафедрасында, 2008-жылдан К.Карасаев атындагы БГУнун Кыргыз филологиясы факультетинин Кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип келет.

Э.Шейшенбаевдин чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөндө башталып, чыгармалары басма сөз беттерине, «Топ жылдыздар», «Саамалык-2» ыр китептерине жарыяланган.

1998-жылдан Чыгармачыл жаштардын «Нурборбор» коомдук бирикмеси менен кызматташып, алгачкы «Башат» аттуу китеби, ушул бирикменин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы тарабынан жарык көргөн.

Э.Шейшенбаевдин чыгармалары 2009-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы республикалык адабий сыйлыгына татыган. Ушул эле жылы ага «Айкөл Манас» - жылдын адамы» фестивалынын «Кыргызстандын канаттуу келечеги» атайын сыйлыгы ыйгарылган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башат: Ырлар. - Б.: Кыргызпатент, 2009. - 60 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]