Шектүү

Википедия дан

Шектүү – кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адам, ошондой эле күнөө коюлганга чейин чектөө чаралары колдонулган адам. Ш. – кылмыш-жаза процессинин катышуучусу, ал көбүнесе кылмыш-жаза ишин козгоо жана алдынала тергөө жүргүзүүдө пайда болот жана кылмыш-жаза процесстик мамилелерге аралашат. Процесстик мөөнөттөр аяктагандан кийин Ш. айыпкерге же күбөгө айланат, же болбосо процесске катышуучулардын катарынан таптакыр чыгарылат. КР мыйзамына ылайык Ш. төмөндөгүлөргө укуктуу: а) өзүнө кандай шек коюлуп жатканын билүүгө; көрсөтмө берүүгө; б) өтүнүч билдирүүгө, тергөөчүнүн жана прокурордун иш-аракетине жана чечимине даттанууга; в) тергөөчүдөн, котормочудан баш тартууга; г) далилдерди келтирүүгө. Кармалган же камакка алынган учурда Ш. процесстик мажбурлоонун ушундай чаралары колдонулгандан тартып жактоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Ш-гө төмөнкү процесстик милдеттер жүктөлөт: тергөөчүнүн жана прокурордун чакыруусу боюнча келүү; тергөөдөн качпоо, ага карата колдонулган бөгөт чарасын сактоо, иш боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылбоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]