Жумамүдүн Шералиев

Википедия дан
Шералиев Жумамүдүн‎»‎ барагынан багытталды)

Жумамүдүн Шералиев (1915, Ат-башы району - 1994, ошол эле жер) - обончу, композитор, акын. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1989).

  • 1942-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуган.
  • 1931-33-ж. Атбашы радио түйүнүндө ырчы.
  • 1936-48-ж. Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда солист,
  • 1948-53-ж. Кыргыз радиосунда музыкалык редактор,
  • 1953-58-ж. Нарын шаардык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси,
  • 1958-86-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы.
  • 1939-ж. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан.

Шералиевдин чыгармалары негизинен элдик ырлардын салтынын азыркы турмуш менен үндөшкөн мотивдерге, ыргактарга жуурулуша чыгарылган лирикалык, патриоттук темадагы ыр, хорлордон турат. «Албырыпшаттык жүзүндө», «Созулма», «Укчу, эркем», «Түшүмдө», «Анда сен»,«Гүлдөжан», «Kapan койчу», «Ырдап кой», «Жибек чач», «Геологдун ыры»,«Токтогулдун арманы», «Жаш ча-бан», «Нарын вальсы», «Сонун да»,«Кыштак четинде», «Түшүмдө»,«Селкиге» ж. б. ырлары; «Сулуукыз», «Кыз-жигит», «Чекмурат», «Aк бата», «Калдыкка каршы» ж. б. дуэттери белгилүү. Ал бүт өмүрүн музыкага арнаган чаалыкпас композитор, чебер аткаруучу болгон.

Комузда, аккордеондо, мандолинада эркин ойногон. Театрда коюлган оюндардын көбүнө музыка жазган. Кыргыздын жаш жанры болгон хорду өнүктүрүүгө баалуу салымын кошкон. Атай, Муса менен жаны бирге курдаштардан болгон. Өзүнүн обондоруна сөзүн жазган. Алым сабакта төгүп ырдаган, аңгеме, очерк, пьесаларды, макалаларды жазган жазуучу, драматург, журналист да болгон.

К. Тагаев,С. Түркмөнов, С. Мамбетбаев, Э. Мааданбеков ж. б. обончулардын устаты. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алтын казынасында 280 ыры, ар кандай аспаптардын (комуздун, аккордеондун, аспаптык топтордун, эл аспаптар, симфониялык оркестрдин, хордун) коштоосунда аткарылган чыгармалары сакталып турат.

Анын чыгармачылыгы бир катар чет өлкөлөрдүн ырчыларынын репертуарларынан орун алган. «Жаштар ай»,«Ырлар», «Тандалмалар», «Ырдап кой» аттуу жыйнактары жарык көрдү «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ысымы Ат-башы айылындагы мектеп-интернатына, Нарындагы музыкалык мектепке, Нарын шаарындагы көчөгө коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.