Шеркозижан Мирзакаримов

Википедия дан

Мирзакаримов Шеркозижан (12. 3. 1952-жылы туулган, Ош шаары) – милициянын генерал-майору (2005). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1974), СССР ИИМдин академиясын (1980) бүткөн. 1974–81-жылдары Ош областы ички иштер башкармалыгында бөлүмдүн инспектору, улук инспектору, 1981–83-жылдары Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1983– 89-жылдары Көк-Жаңгак, 1989– 91-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1991–97-жылдары Жалал-Абад областы ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1997–2001-жылдары Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 2001–02-жылдары Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 2005–07-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин 1-орун басары, 2007–09-жылдары Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо агенттигинин түштүк башкармалыгынын начальниги, директордун орун басары болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]