Шермат уулу Мурза
Шермат уулу Мурза Жыгаччы. 1904-ж. Ноокат районундагы 1-май колхозунун аймагында төрөлгөн.
Айыл чарба артелин уюштуруу учурунда сабатсыздыгын жойгон. Мурза кырмачы катары таанылып, ашкана буюм-идиштерине узанып, табак, аяк (кесе), чөйчөк, кашык, челек, табак өңдүүлөрдү дайыма жайма базарларга чыгарып турат. Жердикти уста өз тамаркасына тигип алат. Оңтоюна карата талды кыркып, сомдогон идиштерин көлөкөдө кургатып, четинен чаап, кайра коюп, бир эле буюмду кырмачы үч-төрт жолу кармайт. Анын негизги аспап-куралдары - бычак, ийги, балта, араа. Эки сузгулук жыгач төрт кашыкка, эки аяктык жыгач төрт чөйчөккө, эки чара табак төрт тайпак табакка өлчөнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0