Шерстюк Иван Алексеевич
Шерстюк Иван Алексеевич (18. 8. 1918-ж. т., Омск обл. Полтавка айылы) - адабиятчы, филология илимдин доктору (1986), проф. (1988), КРдин илимине эмгеги сиңирген ишмер (1991).
Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү (1996). Кыргыз мамлекеттик пединститутту (1949), ММУнун аспирантурасын (1964) бүтүргөн. 36 жыл КМУда окутуучу, улук окутуучу, декандын орун басары, декан, додент болуп иштеген. Совет адабияты (В. В. Маяковскийдин чыгармачылыгы), орус фольклору, байыркы орус адабияты, 18-кылымдагы орус адты боюнча адис. Ш. 200дөн ашык илимий эмгектин, а. и. 1 монография, 3 окуу куралынын автору. Негизги эмгектери: «Тема труда в творчестве В. В. Маяковского 1917-24 гг.» (1960), «В. И. Ленин и В. В. Маяковский. В помощь учителю» (1977), «В. И. Ленин в жизни и творчестве В. В. Маяковского» (1979), «Сказания Прииссыккуля» (1986), «Краткая история манасоведения» (1988, авторлош), «Новаторство русской литературы 18-го века» (2007) ж. б. Кызыл Жылдыз, 2-даражадагы «Улуу Ата Мекендик согуш », Украинанын 3-даражадагы «Замужнисть» ордендери жана «Даңк» ж. б. медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4