Шиизм

Wikipedia дан
Кызыл түстөгү өлкөлөрдө Шиизм басымдуулук кылат

Шиизм (арaп тилинде шиа – жактоочулар тобу) – ислам дининдеги негизги багыттардын бири (суннизм сыяктуу). Алар куранды колдоо менен оозеки айтылуучу шариатты-суннаны жана алгачкы үч халифти таануудан баш тартышкан. Шиизмди жактоочулардын (шииттер) пайда болушу 7-кылымда омейяларга каршы багытталган саясий кыймылдан келип чыгып, аны Мухаммеддин күйөө баласы Али жана анын жолдоштору колдошкон; Ши-Али (шииттер) – Алинин тобу, партиясы деген маанини берет. Шиизм Ирандын мамлекеттик дини, Йемен, Ирак, Ливан, Бахрейн жана башка мамлекеттерге тараган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5