Шилов, Герман Сергеевич

Википедия дан

Шилов, Герман Сергеевич (1914, Челябинск облусу, Златоуст ш.) – Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Москва геол. башкармасында прораб (1939–1946), «Орто Азия алтын чалгындоочу» трестинин Борбордук Кыргызстан экспедициясында партиялардын начальниги, экспедициянын начальниги (1946–57), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Куттусай партиясынын начальниги (1957–60), Кыргыз ССРинин Геология кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин төрагасы (1960–65), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын түрдүү партияларынын начальниги (1965–69). “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]