Мамедага Ширалиев

Википедия дан
Ширалиев Мамедага Ширали оглы‎»‎ барагынан багытталды)

Ширалиев Мамедага Ширали оглы (13. 9. 1909-ж. т., Шамахи шаары) - азербайжан тилчиси, филология илиминин доктору (1941), профессор (1943), Азербайжан РИАнын анык мүчөсү (1962; корреспондент-мүчөсү, 1949).

  • Азербайжан мамлекеттик университетин бүткөн (1931).
  • С.М. Киров атындагы Азербайжан мамлекеттиик университетинде проректор (1942-жылдан), Азербайжан ИАнын Тил институтуна директор (1949-1951), Болгария өкмөтүнүн чакыруусу боюнча София университетинин түрк филологиясы кафедрасына жетекчи (1953-1954).
  • Азербайжан ИАнын Низами атындагы Тил жана адабият институтуна директор (1960-1968), Азербайжан ИАнын коомдук илимдер бөлүмүнө академик-секретарь (1968- 1969). 1969-жылда, Азербайжан ИАнын Насими атындагы Тил илими институтуна директор.
  • 150дөй макала жана бир нече монография жазган.
  • Монографияларынын негизгилери: «Азербайжан диалектологиясы» (1-бөлүк, 1942; 2бөлүк, 1943), «Баку диалектиси» (1957), «Азербайжан дилектологиясынын негиздери» (1965).
  • Ошондой эле азербайжантили боюнча жогоркуокуу жайларга жана орто мектептерге арналган окуу китептери да бар.
  • Ширалиев - «Советская тюркология» журналын: баш редактор, Турция лингвистикалык коомуна корреспондент-мүчө (1957).
  • Чыгыш изилдөөчүлөрдүн эл аралык, бүткүл союздук жыйындарынын катышуучусу;
  • Азербайжан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972).

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9