Ширин (шаар)
Шаар
Ширин
|
Ширин — Сырдарыя районундагы шаар (1972-жылдан). Облуска баш ийет. Жакынкы темир жол бекети — Фархад (6 км). Облустун борборунан 52 км алыстыкта (Гулистан шаары). Орточо бийиктиги 328 м.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы 15 300 киши (2003), негизинен өзбектер, ошондой эле тажиктер, татарлар, корейлер, орустар, азербайжандар, түркмөндөр жана башкалар жашашат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардын аталышынын келип чыгышы тууралуу ар кандай уламыштар жана божомолдор бар. Чындыкка эң жакыны – шаардын батыш тарабындагы тоо Фархад аскасынын астынан аккан Ширинкыз суусунун атынан аталган. Ширин шаары 1943-жылы Фархад ГЭСинин курулушуна байланыштуу жумушчулар кыштагы болуп түзүлгөн.
Өнөр жайы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаарда Фархад ГЭСи, Сырдарыя ТЭЦи, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө станциялары, машина куруучу завод, суткасына 7 тонна нан жана нан азыктарын чыгаруучу ишкана, спирт заводу жана башкалар, ошондой эле 60тан ашык ар кандай формадагы жеке жана чакан ишканалар бар. Шаарда Сырдарыя курулуш башкармалыгы да жайгашкан. Шаарда 4 жалпы билим берүүчү мектеп, 1 музыкалык мектеп, 2 кесиптик лицей, театр, «Ширин» шаардык базары, 5 китепкана, 2 музей, оорукана (140 орундуу), балдар ооруканасы, медициналык реабилитациялык борбор, 2 айылдык фельдшердик пункт, 2 фельдшер бар. Ошондой эле «Хавотоо» санаториясы, маданият жана эс алуу паркы, мемориалдык парк бар. «Ширин садоси» газетасы чыгат. Шаардык телестудия иштейт[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ "Ширин (шаар)" OʻzME Sh-harfi Archived 2019-10-11 at the Wayback Machine (Wayback Machine сайтында архивделген. 10.11.2029) Биринчи том. Ташкент, 2000-ж