Шлейермахер Фридрих Эрнист Даниель

Википедия дан

Шлейермахер Фридрих Эрнист Даниель (1768–1834) – немис теологу жана философу. Немис идеализми жана романтикасы менен тыгыз байланышта болуу менен, ал Кудай жана дүйнө менен байланыштуу болгон протестанттык багыттагы сырттан баамдап ой жүгүртүү философиясын иштеп чыккан. Кант менен Фихтенин идеалисттик жазгырууларын жумшартуу менен ал рухий – тарыхый чындыкка көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган, мында аларды бөлүп карабастан, Бүтүндүк жана Түбөлүк менен бирдикте кароону сунуш кылган. Дин – ошол Түбөлүк менен биримдикти сезүү. Ал «жөнөкөй» көз карандылыкты, тагыраак айтканда, Кудайдан болгон көз карандылыкты сезүүгө негизделет. Кудай жөнүндөгү идеяда идеалдуулук менен реалдуулуктун абсолюттуу биримдиги туюнтулуп, тигил же бул карама-каршылык жокко чыгарылат, ал эми дүйнө тууралуу түшүнүктө идеалдуулук менен реалдуулуктун салыштырмалуу биримдиги карама-каршылык түрүндө кабылданат. Ошондуктан Кудай дүйнөгө түгөйлөш да, дүйнөдө бөлүнгөн да эместей туюмдалат (караңгы, Пантеизм). Нерселер табигый байланыш менен кандай шартталган болсо, дүйнөдөн да ошондой эле өлчөмдө көз каранды деп эсептелет; ошондуктан түздөн-түз Кудайды башкача айтканда кереметти кабылдоо мүмкүн эмес. Адам Кудайдын табигый байланышына камтылып ошол себептен ыймандык мыйзам менен жаратылыш мыйзамынын ортосунда эч кандай кескин айырмачылык жок. Ар бир адам өз алдынча маани-маңызга ээ, демек ар бир адам өзүнүн жекече өрнөктүү элес-сыпатын өнүктүрүүгө чакырылган. Инсанга идеалдуу түрдө берилген индивидуалдуулукту жүзөгө ашыруу – инсан эркиндиги мына ушунда. Шлейермахер этиканы жакшылык, дөөлөттөр жана парз жөнүндөгү окуу деп карайт. Анын пикири боюнча парздын жалпыга таандык мыйзамын мындайча аныктоого болот: ар бир учурда бардык ыймандык күч-кайратыңды жыйнап жана бардык ыймандык максаттарга умтулуу менен аракеттенет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]