Шон Мендес

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Шон Мендес
Shawn Mendes
Shawn Mendes at The Queen's Birthday Party (cropped 2).jpg
Негизги маалымат
Толук ысымы

Шон Питер Рауль Мендес
Shawn Peter Raul Mendes

Туулган датасы

8 -август 1998(1998-08-08) (20 жаш)

Туулган жери

Торонто, Онтарио, Канада

Өлкө

Канада желеги Канада

Кесиптери

ырчы, автор-аткаруучу

Аспаптары

вокал, гитара

Жанрлары

поп, фолк, поп-рок

Активдүү жылдары

2013 — азыркы учурда

Жамааты

Island Records

Шо́н Пи́тер Рау́ль Ме́ндес (англ. Shawn Peter Raul Mendes; 8-август, 1998, Торонто, Онтарио, Канада) — канадалык ырчы жана ырлардын автору.

Балалыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шон Мендес 1998-жылы 8-августта Канаданын Торонто шаарында туулган. Анын атасы Мануэль Мендес — португал, энеси Карен — англичан. Шондун Алия аттуу карындашы бар. Мендес Пикеринг шааарында өсүп, Пайн-Риж мектебинде билим алган.

Карьерасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мендес белгилүү ырлардын кавер-версиясын жаздырып, Vine программасына жүктөгөндөн баштаган. Ошол кезде эле көптөгөн күйөрмандарын топтогон. Аны Эд Ширан жана Жастин Бибер менен көп салыштырышчу. Кийин Мендес социалдык тармактар аркылуу белгилүү болгон жаш аткаруучулар менен бирге MagCon туруна катышкан. 2014-жылы Шон Island Records лейблы менен контракт түзүп, ошол эле жылы «Life of the Party» деген алгачкы ырын чыгарган. Алгач америкалык радиостанциялар ал ырды тоотпоосо да, 15 жашар ырчынын ыры Billboard Hot 100 хит-парадында 24-чү орун алган. Бул ыр The Shawn Mendes EP мини-альбомуна да кирген. Бул мини-альбом төрт чыгармадан турган, жана 100 миңден ашык көчүрмөсү сатылып, Billboard хит-парадынын 5-чи сабына жеткен.

Шон Мендестин тоолук баалуу Handwritten деген алгачкы альбому «Something Big» ырынан кийин эле, 2015-жылы 14-апрельде жарык көргөн. Альбом жакшы сатылып, Канада жана Америка өлкөлөрүнүн хит-параддарынын биринчи сабында дебют болгон. 2015-жылы Мендестин «Believe» аттуу ыры Disney каналынын «Мураскерлер» фантастикалык мюзиклине саундтрек катары кирген. 2015-жылы май-октябрь айларынын аралыгында Мендес Тейлор Свифттин «1989» дүйнөлүк турунун алкагындагы Түндүк Америкадагы концерттеринин колдоосунда ырдап чыккан.

2015-жылы 20-ноябрьда Мендестин алгачкы альбому Handwritten Revisited аталышы менен кайрадан чыккан. Бул альбомго беш концерттик жазуу жана төрт жаңы ыр кирген, алардын ичинде Fifth Harmony тобунун мүчөсү Камила Кабелло менен Мендес биргеликте ырдап чыккан «I Know What You Did Last Summer» чыгармасы да бар. 2016-жылдын январь айында Мендес «100» телесериалында эпизоддук роль ойноп, Violent Femmes тобунун «Add It Up» ырын аткарган. Ошол эле маалда анын «Stitches» аттуу ыры британиялык хит-парадынын биринчи сабына жеткен. Ошондой эле 2016-жылдын январь айында Шон Wilhelmina моделдик агенттиги менен контракт түзгөн. 2016-жылдын март айында Мендес Түндүк Америка жана Европа боюнча жаңы концерттик турга хедлайнер катары катышкан.

Дискографиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Студиялык альбомдору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Handwritten (2015)
  • Illuminate (2016)
  • Shawn Mendes (2018)

Турлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Хэдлайнинг[оңдоо | булагын оңдоо]

  • ShawnsFirstHeadlines (2014-15)
  • Shawn Mendes World Tour (2016)
  • Illuminate World Tour (2017)
  • Shawn Mendes: The Tour (2019)

Со-хэдлайнинг[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Jingle Ball Tour 2014 (башка артисттер менен) (2014)
  • Jingle Ball Tour 2015 (башка артисттер менен) (2015)

Колдоодо[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Austin Mahone: Live on Tour (Остин Махоун) (Түндүк Америка) (2014)
  • The 1989 World Tour (Тейлор Свифт) (Түндүк Америка) (2015)