Мазмунга өтүү

Шопен Фредерик Францишек

Википедия — ачык энциклопедия

Шопен Фредерик Францишек (22. 2 (башка маалымат боюнча 1. 3.) 1810, Варшавага жакын, Желязова-Воля - 17. 10. 1849, Париж) - поляк композитору жана пианист.

Поляк классикалык музыкасынын негиз салуучусу. Фортепианодо ойноону чех комп. В. Живныйдон үйрөнгөн. 1822-ж. композиция боюнча поляк комп. Ю. Эльснерден сабак алган. 1823-26-ж. лицейде, 1826-29-ж. Башкы музыкалык мектепте окуган. 17-18-ж. алгачкы чыгармаларын жаратып (фортепиано үчүн 2 полонез), 18 жашында пианист катары концерт берген. 1830-31-ж. Венада, 1831-ж. Парижде жашаган. 1848-ж. Англияда гастролдо болгон. Ш. фортепиано менен оркестр үчүн 2 концерт жана 4 пьеса, фортепиано триосу, виолончель менен фортепиано үчүн соната жана 2 пьеса, фортепиано үчүн 3 соната, 4 баллада, 4 скерцо, 4 экспромт, 16 полонез, 50 мазурка, 17 вальс, 21 ноктюрн, 26 прелюдия, 27 этюд, ырлар, бир нече экосез, рондо, вариация ж. б. жараткан. Шопендин чыгармачылыгы - поляк улуттук музыкасынын, ошондой эле дүйнөлүк классикалык музыкасынын үлгүсү. Анын чыгармалары элдик музыка менен тыгыз байланышта өнүгүп, поляк элинин эркиндик үчүн күрөшүнүн патриоттук идеяларын чагылдырган.

1927-жылдан Варшавада пианисттердин Шопен атындагы Эл аралык конкурс өткөрүлөт. Варшавадагы концерттик, музыкалык илимий-изилдөө жана басма иштерин тейлөөчү коом анын ысмында.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4