Шопоков Дүйшөнкул

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дүйшөнкул Шопоков - дал ушундай ат менен чыккан кыргыз элинин бир уулу,кыргыздардан чыккан биринчи Советтер Союзунун Баатыры көп улуттуу Мекендин борбору – Москваны коргоодо баатырдык менен курман болуп,анын жасаган эрдиги түбөлүк өлбөстүккө айланган. Дүйшөнкул Шопоков 1913-жылы Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Шалта айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Дүйшөнкулдун балалык чагы ошол кездеги жарды-жалчы кыргыз үй-бүлөлөрүнүн балдарындай эле ачарчылыкта,суукта,кыйынчылыкта өттү. Башталгыч билим ала элек жатып эле,карыган ата-энесине жардам беришке туура келди.Бирок,ал качандыр бир кезде болсо да билим алууну алдына максат кылып койгон.Кабыргасы ката элек жатып жер айдап,мал багып түмөн түйшүккө малынган өспүрүмдүн багын Октябрь революциясы ачты. Согушка чейин колхоздо иштеген.Кыргыз дыйкандарын коллективдеше баштаганда Дүйшөнкул Шопоков колхозго биринчилерден болуп жазылган,1930-жылы калган айылдаштары менен бирге кош айдоого чыгат.Ошондо өзүнө карата айтылган: «Жерди да так өзүнүн энесиндей жакшы көрөт» деген сөздү укканда кубанган эле.Өмүрүндө биринчи жолу ал эмгеги үчүн колхоздон эки мүшөк буудай,кырк тогуз сом акча алган.Дүйшөнкул колхоздун иши үчүн жан-дили менен көп күйүп-бышып,анын ар бир жетишкендигине кубанып, ар бир мүчүлүшүнө кайгырар эле. 1937-жылдары Орто Азия республикаларынын ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү дал анын мойнуна жүктөлдү.Ал мелдештерде Дүйшөнкул кылыч чабуу,таамай атуу боюнча биринчи орунду ээлеп, «Ворошиловчу аткыч» деген ардактуу наамга ээ болгон.Андан кийин ал армиялык мелдештерге катышып,үч ай катары менен аскердик-кол күрөшүнүн түрлөрү спорту менен машыккан.Ошол мезгилде анын атагы бүт республикага тараган.1938-жылы Чүй өрөөнүнүн жаштарынын арасынан биринчи жолу ВКП(б) нын катарына кабыл алынган. Каргашалуу согуш башталып,1941-жылы август айынын аягында 316-аткычтар дивизиясынын жоокери болуп катталган. Волокаламск шоссеси тарабында душмандын борборго кире беришин коргоп,Москванын алдында 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан. 1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөс эрдик көргөзгөн. 28 гвардиячы-панфиловчулардын арасында бир да огун сая кетирбей,кашык каны калганча каңкор фашисттерди сулатып жатып,теңдешсиз салгылашууда курман болгон. Көрсөткөн каармандыгы,эрдиги,баатырдыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатырынын наамына татыктуу болгон.Советтер Союзунун Баатырынын наамына татыктуу болгон,Москваны коргоочулардын бири,Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында баатырларча курман болгон кыргыз элинин даңктуу уулу Дүйшөнкул Шопоковдун ысымы дал ушундай бактылуу ысымдардын катарына кирет. Эл Баатыр жөнүндөгү эстеликти ыйык сактайт. Өзү иштеген колхоз,Фрунзе шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири,мектептер,пионер дружиналары жана бир шаар анын ысымы менен аталган.Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Шалта айылында мемориалдык музейи ачылып,Фрунзе шаарында «Жаш гвардия» проспектисиндеги Баатырлардын Аллеясында бюсту орнотулган. Дүйшөнкул Шопоковдун баскан жолу,кылган эмгеги кийинки муундарга бүтпөс баян,көөнөргүс сабак,улуу тарых экени талашсыз.