Мазмунга өтүү

Шоро барит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Шоро барит кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Түндүк суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2250 м бийиктикте. 1960-ж. изилденген. Төмөнкү палеозой мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген сланецтердин арасында узундугу 150–180 м болгон кварц-барит тарамы табылган. Тарамдын калыңдыгы 0,5 мден 2 мге чейин өзгөрөт. Барит концентраты иргелгенден кийин бургулоо ылай эритиндисин салмактантуу үчүн колдонсо болот. Эсептелген запасы С2 категориясы боюнча 12908 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]