Мазмунга өтүү

Шор-Булак чопо кени

Википедия — ачык энциклопедия

Шор-Булак чопо кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, деңиз деңгээлинен 800–900 м бийиктикте. 1985–90-ж. Курулуш материалдар өнөр жайы министрлигинин Тоокен геол. партиясы чалгындаган. Кен аймагын жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыңдыгы 2–20 м, кумайлуу чопо катмары түзөт. Кумайлуу чопо тыгыз, кургак, гипстешкен, өңү нымдуулугуна жараша саргыч-боздон саргыч күрөң түскө чейин өзгөрөт. Кумайлуу чопо «100», «125» маркадагы кирпичти өндүрүүгө жарайт. Запасы В категориясы боюнча 654 миң м3, С1 – 3380 миң м3, В+С1 – 4034 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]