Шотландия улуттук футбол курамасы
| Шотландия улуттук футбол курамасы | |||
|---|---|---|---|
| Лакап аттары | Тартан аскери (англ. Tartan Army) | ||
| Конфедерациясы | УЕФА (Европа) | ||
| Федерациясы | Шотландия футбол ассоциациясы | ||
| Башкы машыктыруучусу |
Эндрю Робертсон | ||
| Капитаны | Стив Кларк | ||
| Эң көп оюн саны |
Кенни Далглиш (102) | ||
| Мыкты бомбардири |
Кенни Далглиш Денис Лоу (30) | ||
| Үй стадиону | «Хэмпден Парк» | ||
| ФИФА коду | SCO | ||
| ФИФА рейтинги | |||
| Азыркы | 43 ▼ 5 (1- апрель 2026)[1] | ||
| Мыкты | 13 (октябрь 2007) | ||
| Төмөнкү | 88 (март 2005) | ||
| Формасы | |||
| |||
| Биринчи оюн (Глазго, Шотландия; 30-ноябрь 1872; тарыхтагы алгачкы эл аралык оюн) | |||
| Эң ири жеңиш (Глазго, Шотландия; 23-февраль 1901) | |||
| Эң ири жеңилүү (Базел, Швейцария; 19-июнь 1954) | |||
| Дүйнө чемпионаты | |||
| Катышуусу | 9 (биринчи жолу 1954-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Тайпалык баскыч (1954, 1958, 1974, 1978, 1982, 1986, 1990, 1998) | ||
| Европа чемпионаты | |||
| Катышуусу | 4 (биринчи жолу 1992-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Тайпалык баскыч (1992, 1996, 2020, 2024) | ||
Шотландия улуттук футбол курамасы (гелт. Sgioba Ball-coise Nàiseanta na h-Alba, скотс Scotland National Fitbaa Team, англ. Scotland national football team) — эл аралык футбол мелдештеринде Шотландиянын атынан чыгуучу команда. Команданы Шотландия футбол ассоциациясы башкарат.
Курама дүйнө чемпионаты, Европа чемпионаты жана Улуттар лигасында ойнойт. Олимпиада оюндарына өзүнчө катышпайт (Улуу Британия атынан чыгышат). Үй стадиону — «Хэмпден Парк».
Шотландия Англия курамасы менен бирге дүйнөдөгү эң эски курама командалардын бири, 1872-жылы биринчи эл аралык матчты өткөргөн. Англия менен узак жылдардан бери атаандаштыкка ээ.
Шотландия дүйнө чемпионатына 9 жолу, Европа чемпионатына 4 жолу катышкан, бирок финалдык турнирлерде тайпалык баскычтан ары өтө элек. Ошого карабастан, 1967-жылы дүйнө чемпиону Англияны 3:2 эсебинде жеңген сыяктуу белгилүү жеңиштери бар.
Кураманын күйөрмандары өзүлөрүн «Тартан аскери» (англ. Tartan Army) деп аташат. Эң көп оюн өткөргөн футболчу — Кенни Далглиш (102 оюн), ал эми эң көп гол киргизгендер — Кенни Далглиш жана Денис Лоу (30 голдон). Башкы машыктыруучусу — Стив Кларк, капитаны — Эндрю Робертсон.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шотландия футбол ассоциациясынын расмий сайты
- Чехия УЕФА сайтында
- Чехия ФИФА сайтында
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |