Мазмунга өтүү

Шпольский эффектиси

Википедия — ачык энциклопедия

Шпольский эффектиси – төмөнкү температурада атайын эритмелерде татаал органикалык бирикмелердин квазисызыктуу спектрлеринин пайда болушу.

1952-ж. Э.В.Шпольский байкаган. Квазисызыктуу спектрлер термелүүчү структурада болуп, молекулалардын термелүү жыштыгын аныктайт. Мунун жардамы менен жекече татаал органикалык радикалдардын физикалык жана химиялык касиеттери; органикалык бирикмелердин фотохимия процесстери; канцерогендүү бирикмелер ж. б. изилденет. Шпольский эффектисинин негизинде аралашмалардын спектрдик анализи бир нече жекече бирикмелерди бир эле мезгилде чогуу аныктайт жана 10-11 г га чейин абсолюттук сезгич болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]