Шпота Лев Алексеевич
Көрүнүш
Шпота Лев Алексеевич (6. 9. 1922-ж. т., Түштүк Казакстан обл., Түлкүбас району, Балыкчы айылы) - биология илимдин доктору (1970), проф. (1971).
Кыргыз мамлекеттик пединститутту (1950), ошол эле жерде аспирантураны (1954) бүтүргөн. КМУда окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчы, проф. (1954-1980). Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунда улук илимий кызматкер (198096), 1996-жылдан КРдин УИАнын Ботаника багында жетектөөчү илимий кызматкер. Өсүмдүк физиологиясы жана экология боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгеги, а. и. 3 монография, 5 окуу куралы, 22 рационалдык сунуштары бар. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4