Шри-Ланкада нааразылык протесттери (синг. ශ්රී ලාංකික විරෝධතා, там. இலங்கையின் மக்கள் போராட்டம் ) 2022-жылы Шри-Ланкада болгон нааразылыкакциялары жана массалык нааразылык протесттери болуп саналат.
Нааразылык протесттер 2022-жылдын март айында өлкөнүн эгемендүүлүгү таанылгандан берки эң ири экономикалык кризистин тушунда башталган. Митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышты. Нааразылык акциялары баш аламандыкка айланды. 9-июлда демонстранттар өкмөттүк имараттарга, анын ичинде өлкөнүн президенти Готабай Ражапакса резиденциясына кирип барышкан. Президенттин отставкага кеткени жарыяланды. Премьер-министр Ранил Викрамасингхе президенттин милдетин аткаруучу болуп калды [1] . 2022-жылдын 20-июлунда Викрмесингхе парламент тарабынан президенттикке шайланган [2]