Шукшин Василий Макарович
Шукшин Василий Макарович (25. 7. 1929, Алтай крайы, Бийск району, Сротски кыш. - 2. 10. 1974, Волгоград обл., Клетский станидасы, сөөгү Москвага коюлган) - орус совет жазуучусу, кинорежиссёр, сценарист, актер, педагог.
РСФСРдин искусствосуна эмгеги сиңирген ишмер (1969). 1960-ж. ВГИКтин режиссёр ф-тинбүткөн. Окуп жүргөндө эле киного тартылып, ангеме жазган. «Кыштактагылар» (1963), «Алыста» (1968) аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Ш. - «Любавиндер» (1965) тарыхый революциялык романынын, Степан Разин жөнүндөгү «Мен силерге эркиндик бергени келдим» (1971) кино романынын автору. Ал «Кызыл калина» кино повестин (1973) жана сценарийин жазып, кино тартып, анда башкы ролду аткарган. 1960-62-ж. «Мосфильм» киностудиясында (ассистент-режиссёр), 1963-74-ж. М. Горький атындагы киностудияда режиссёр болуп иштеген. Аткарган ролдору: Федор («Эки Федор»), Андрей («Алтын эшелон», 1959), Иван Лыков (« Жонөкөй тарых», 1960), Степан («Алёнка», 1961) ж.б. 1964-ж. өз сценарийи боюнча «Ошондой жигит жашайт» фильмин койгон. 1965-ж. «Степан», «Жылануусу», «Игнахекелди» аңгемелеринин негизинде «Сиздин уулуңуз жана бир тууганыңыз» фильмин тарткан. 1969-ж. «Эркекче сүйлөшүү» фильминде атанын ролун аткарган. СССР мамлекеттик сыйл. (1971), Лениндик сыйл. (1976, өлгөндөн кийин) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4