Шумкар-уя
Көрүнүш
Шумкар-уя — Талас өрөөнүнүн Үч-Кошой, Жаргарт суусу агып түшкөн тарабында Сандык тоосунун тушунда күңгөй тарапта турган тик аскалуу чокунун аты. Чоку азыркы учурда 113-жылкы заводу турган совхоздун төмөн жагында, Чкалов атындагы колхоздун чыгыш жагында турат. Элдик уламыш боюнча Манас, Семетейдин Ак шумкары ушул Ш.-У дан алынган экен.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4