Шураб гипс кени
Көрүнүш
Шураб гипс кени Баткен облусунун Лей лек районунда, Самаркандык кыштагынан 5 км түштүк тарапта, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде. 1936-ж. табылган. Кен аймагында бор мезгилинде пайда болгон алевролит, кумдук, чополуу тоотек катмары кеңири таралган. Пайдалуу катмар гипстен туруп, ал үстүнкү жана астынкы болуп экиге бөлүнөт. Үстүнкүсүндө кант сымал гипстин үч катмарчасы бар. Алардын арасы 0,6–0,9 м калыңдыктагы жашыл боз чопо менен бөлүнгөн. Гипс катмарчаларынын калыңдыгы 3,9 м, узундугу 9,2 км. Астынкысында гипс катмарчасынын калыңдыгы 4,1 м, узундугу 1,5 км. Кенде гипстин 2 түрү бар: 1) кызгылтым жана боз түстөгү тунугураак тыгыз гипс; 2) кант сымал, ак, бүртүкчөлүү гипс. Запасы В категориясы боюнча 38 миң т, С1 – 3965 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7