Шураб 1 флюстук акиташ кени
Көрүнүш
Шураб 1 флюстук акиташ кени Баткен районунда, Шураб шаарынан 6 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1100–1165 м бийиктикте. 1952- жана 1972-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур мезгилинде пайда болгон жер үстүнө дөбө сымал чыгып турган акиташ тектеринен түзүлгөн. Акиташ боз, салмактуу, мраморлошкон. Акиташ металлургиялык өнөр жайында пайдаланууга, аки жана цемент алууга жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 504 миң т түзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7