Шуру

Википедия дан

Шуру – моюнга тагылуучу асем буюм. Аны маржан деп да аташкан. Шуру желбирөөчкө, жаак мончокко, чач учтукка өткөрүлөт, элечектин тартмасы,чыны кап, кайчы кап, күзгү каптын бетине, шөкүлөгө жана тыш кийимдердин өңүрүнө бастырылат. Элдик зергерчиликте кыз-келиндердин кооз буюмдары, ат жабдыктары шуру менен асемделген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.