3. Мына ушинтип сага жана сага чейинкилерге айан жөнөтөт. Алла – Ызааттуу, Даанышман.
4. Ага асмандагылар менен жердегилердин баары таандык. Ал – Бийик, Улук.
5. Анын алдында асмандар үстүнөн жарылып кете жаздашат.[4] Периштелер өздөрүнүн Эгесин мактоо менен аруулашат жана жер үстүндөгүлөр үчүн кечирим сурашат. Оо, анткени акыйкатта Алла – Кечирүүчү, Мээримдүү!
6. Андан башканы өздөрүнө коргоочу кылып алгандардын үстүнөн Алла байкоочу. А сен алар үчүн өкүл эмессиң.
7. Ушинтип, Биз сага шаарлардын энесин[5] жана анын айланасындагыларды шексиз боло турган Кыйамат күнү жөнүндө эскертүү үчүн арабча Куранды айан кылдык. Алардын бир бөлүгү Бейишке, экинчи бөлүгү Тозокко (киришет).
8. Эгерде Алла кааласа, анда силерди бир эл кылаар эле. Бирок, ал кимди кааласа өз мээримине киргизет, а заалымдарга дос, тууган да, жардам кылуучу да болбойт.
9. Чын эле алар Андан башканы өздөрүнө кожойун кылып алыштыбы? Алла Өзү кожойун. Ал өлгөндөрдү тирилтет жана бардык нерселерге кудурети жетет.
10. А силер талашып, тартышкан нерселердин өкүмү Аллага таандык. Мына бул менин Эгем Алла. Мен Ага гана тобокел кыламын жана Ага кайтамын.
11. Асмандар менен жердин жаратуучусу. Ал силердин өзүңөрдөн жубайларды жараткан жана малдардан жуптарды жараткан. Ал силерди ушинтип көбөйтөт. Ага окшош[6] эч нерсе жок. Ал – Угуучу, Көрүүчү.
12. Асмандар менен жердин казыналарынын ачкычтары Ага гана таандык. Ал кимге кааласа ырыскысын көбөйтөт жана азайтат. Акыйкатта, Ал бардык нерселерди билүүчү.
13. Ал Нухка осуйат кылган, сага айан кылган, Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди силерге жол кылып берди: “Диниңерди тургузгула жана ал тууралуу талашып, тартышпагыла! Мушриктер үчүн сен чакырып жаткан нерсе өтө оор. Алла кимди кааласа, Өзү аны[7] тандап алат жана ким кайрылса Өзүнө карай багыттайт.
14. Алар өз ара көрө албастыктары себептүү, өздөрүнө илим келгенден соң каршылашууга тушугушту. А эгерде мурдатан сенин Эгеңден алардын жазасын белгиленген чекке узартканы (тууралуу) сөз болбогондо, анда алардын арасындагы (иш) бүткөн болор эле. Акыйкатта, Китепти мураска алгандар андан соң ал тууралуу шектенип, олку-солку болушууда.
15. Андыктан чакыр жана сага буйрулгандай туруктуу бол. Алардын каалоолорунун артынан ээрчибе жана: “Мен Алла түшүргөн Китепке ишенемин. Мен силердин араңарда адилеттүү болууга буйрулганмын. Алла биздин да Эгебиз, силердин да Эгеңер. Бизге – өзүбүздүн жасаган иштер, силерге – өзүңөрдүн жасаган иштер таандык. Силердин жана биздин ортобузда талаш-тартыш кылууга себеп жок. Алла бизди жыйнап алат жана кайтуу Ага” – деп айт.
16. Ал[8] кабылдангандан кийин, Алланын (дини) тууралуу талашып жаткандардын далилдери Эгесинин алдында жараксыз. Алардын үстүнөн каар жана катуу азап бар.
17. Алла акыйкаттык жана адилеттүүлүк менен Китепти түшүрдү. Мүмкүн Кыйамат жакын эледир. А сен билбейсиң?
18. Кыйамат күнүнө ишенбегендер аны болтурууга шаштырышат.[9] А анын болоруна ишенгендер жана ал чындык экенин билгендер андан коркушат. Оо, Кыйамат сааты тууралуу шектенгендер, албетте өтө терең адашкандар.
19. Алла өз пенделерине мээримдүү, ал кимге кааласа ырыскы берет. Ал – Күчтүү, үстөмдүк кылуучу.
20. Ким акыреттин үрөнүнө[10] умтулса, ага Биз анын үрөнүн көбөйтөбүз. А ким бул дүйнөнүн үрөнүн кааласа, Биз ага аны беребиз, бирок ага акырет жашоосунда үлүш жок!
21. Же Алла тыйуу салгандарды[11] аларга дин жолу кылып берген шериктери[12] барбы? Эгерде Алла тарабынан мөөнөттү узартуу[13] жөнүндө алдын-ала сөз болбогондо, анда алардын ортосундагы талаштар бүтмөк[14]. Заалымдар үчүн оорутуучу азап бар.
22. Сен заалымдардын өздөрү жасагандары[15] үчүн каар-азаптан кантип корккондорун көрөсүң. Ал аларга сөзсүз жетет. А ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандар Бейиштин бактарында. Алар үчүн анда Эгесинин алдында эмне кааласа баары бар. Бул зор мээрим.
23. Мына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган пенделерине Алла кабар берет: “Мен силерден бул үчүн акы сурабаймын, бирок жакындоо үчүн жакшы көрүү болсун. Ким жакшылык кылса, ага Биз жакшылыкты кошобуз. Акыйкатта, Алла – Кечирүүчү, Каниеттүү,” – дегин.
24. Же алар[16]: “Ал Аллага жалганды ойлоп тапты!” – дешеби?[17] Эгер Алла кааласа сенин жүрөгүңө мөөр басып салмак. Алла ушинтип жалганды өчүрүп, акыйкатты Өзүнүн сөзү менен бекемдейт. Анткени Ал көкүрөктөгүлөрдүн баарын билүүчү.
25. Ал Өз пенделеринин тообосун кабыл алат, күнөө иштерин кечирет жана силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат.
26. Ал ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга Өз ырайымдуулугун арттырат. А каапырлар үчүн катуу азап бар.
27. Эгерде Алла өз пенделеринин ырыскыларын көбөйтүп ийсе, алар жер үстүндө чектен ашмак[18], бирок Ал Өзү каалаганынча, ченем менен түшүрөт. Анткени, Ал Өз пенделери тууралуу Кабардар, Көрүүчү.
28. Алар үмүттөрү үзүлө баштаганда Ал жаан жиберет жана Өз мээримдүүлүгүн таратат. Ал – Камкордук көрүүчү, Макталуучу.
29. Асмандар менен жердин жана андагы тирүү жандуулардын таратылуусу Анын белгилеринен. Эгер Ал кааласа, аларды жыйнап алууга күчү жетет.
30. Эгер силерге бир кырсык жетсе, ал силердин колуңар менен кылгандардан[19 күнөөлөрдүн себебинен] жана Ал көптөрүн кечирет.
31. Силер жер үстүндө кырсыктан качып кутула албайсыңар. Силерге Алладан башка колдоочу[20] да, жардамчы да жок.
32. Деңиздер аркылуу тоо сыйактуу сүзгөндөрү (кемелер) Анын белгилеринен.
33. Эгер Ал кааласа шамалды токтотуп койот жана алар анын үстүндө[21] тынч гана кала беришет. Акыйкатта, мында бардык сабырдуулар жана шүгүр кылуучулар үчүн белгилер бар.
34. Же Ал аларды[22] күнөөлөрү үчүн чөктүрүп жиберет жана көбүн кечирет.
35. Биздин айаттарыбыз тууралуу талашып жаткандар качып кутула албасын билип алышсын!
36. Силерге берилгендердин баары бул дүйнөнүн жыргалы. А Алланын алдындагылар[23] ыйман келтирип, Эгесине тобокел кылгандар үчүн эң мыкты жана туруктуу.[24]
37. (Алар) оор күнөөлөрдөн, бузукулуктардан чегингендер жана ачуусу келгенде кечиргендер
38. Эгесине жооп бергендер, намаз окугандар, өздөрүнүн ишин өз ара кеңешип чечкендер жана алар Биз бергендерден сарптагандар.
39. Аларга зулумдук жетсе, жеңишке ээ болушат.
40. Жамандыктын жазасы ал сыйактуу эле жамандык. Ким кечирсе жана жарашса, анын сыйлыгы Аллага таандык. Анткени ал адилетсиздерди сүйбөйт.
41. Ким зулумдук көрүп коргонсо, мында, албетте ага жеме жок.
42. Аныгында, жер үстүндө укуксуз түрдө зулумдук кылып, адамдарга зулумдук кылгандар жемеге татыктуу. Бул үчүн аларга оорутуучу азап (бар).
43. Бирок ким сабыр кылса жана кечирсе, албетте бул улуу иштерден.
44. Эгер Алла кимди туура жолдон адаштырса, ага Андан башка коргоочу жок. Сен заалымдардын, жазаны көргөн кезде: “Артка[25] кайтууга жол барбы?” – дегендерин көрөсүң.
45. Сен алардын мында[26] алынып келингенде, кордолгон абалда көздөрүн төмөн салып, уурданып карагандарын көрөсүң. Ыймандуулар аларга: “Акыйкатта, зыйанга учуроочулар – алар өздөрүн-өздөрү жана үй-бүлөлөрүн[27] Кыйамат күнү зыйанга учураткандар!” – дешет. Ооба, албетте заалымдар туруктуу жазада.
46. Алладан башка аларга жардам бере турган эч ким болбойт. Алла кимди туура жолдон чыгарса, ага жол жок.
47. Артка кайтпай турган Кыйамат күн келгенге чейин Өзүңөрдүн Эгеңерге жооп бергиле. Ал Күндө силерге кутулчу жай да, танып кетүү да болбойт.
48. Эгер алар баш тартса, анда Биз сени алардын үстүнөн сактоочу кылган эмеспиз. Сага айкын кабарды жеткирүү гана милдет. Биз инсанга Өз мээримибизди тартууласак, ал кубанат. Ага ал өзүнүн колу менен мурун дайардалган жамандык жеткенде, анда, албетте, инсан шүгүр кылбайт.
49. Асмандар менен жердин бийлиги Аллага гана таандык. Ал каалаганын жаратат: кимге кааласа кыз, кимге кааласа уул берет,
50. же Ал уулдарды да, кыздарды да берет. Кимди кааласа тукумсуз кылат. Анткени, Ал – Билүүчү, Кудуреттүү.
51. Алла айан аркылуу, же көшөгөнүн артынан, же Өз уруксаты менен пайгамбар жөнөтүп Өз каалаганын кабар кылбай туруп, адамга сүйлөгөн эмес. Акыйкатта, Ал – Бийик, Даанышман.
52. Ушинтип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту[28] айан кылдык. Сен[29] Китеп жана ыйман эмне экенин билген эмессиң. Биз аны нур кылдык. Аны менен Биз Өз пенделерибизден кимдерин кааласак туура жолго алып барабыз. Албетте сен, аныгында, туура жолго баштайсың.
53. Ал асмандардагылар менен жердегилер таандык болгон Алланынын жолу. Оо, бардык иштер Аллага кайтат.
[1] Шуура – кеңешүү.
[2] Мааниси бир Аллага маалым.
[3] Мааниси бир Аллага маалым.
[4] Алланын улуктугунан, Анын даңк-даңазасынан.
[5] Меккенин.
[6] Анын затына, сыпаттарына эч нерсе окшобойт. Көзү бар, бирок макулуктардын көзүндөй эмес. Кулагы бар, бирок биздин кулагыбызга окшобойт ж.б.у.с.
[7] Ислам динине.
[8] Алланын дини.
[9] Каапырлар пайгамбарлардан: “Эгер Кыйамат, же кырсык, балээ болору чын десеңер, анда тез болтургула”, – деп шаштырышкан.
[10] Соопко.
[11] Сөлөкөттөргө табынуу, жалган кудайларга сыйынуу ж.б.у.с.
[12] Кудайлары.
[13] Кыйаматка чейин.
[14] Бул дүйнөдө эле бир кырсыкка учуратылып, же такыр жок кылынып иши бүтмөк.
[15] Табынган жалган кудайлары, сөлөкөттөрү, Алланын динине, же пайгамбарга каршы айткан, деген ушак, жалган, шылдың сөздөрү ж.б.у.с. үчүн.
[16] Араб мушриктер.
[17] Пайгамбардын айтып жаткандары жалган дешет.
[18] Кудайды унута баштоо, текеберлик, мактануу, көпкөнчүлүк, ысырап, же кесир кылуу, таш боордук, кайрымсыздык ж.б.у.с. күчөмөк.
[19] Ошолор себен болуп, кырсык жетет.
[20] Жакын, дос, тууган.
[21] Жапыз, майда толкундардын үстүндө.
[22] Күнөөкөрлөрдү.
[23] Бейиш жана андагы эсепсиз жыргалдар.
[24] Бейиштин жыргалдары түбөлүк жана кемтиксиз.
[25] Жалган дүйнөгө.
[26] Тозокко.
[27] үй-бүлөлөрүн – айалын, бала-чакаларын да өзүнө окшогон ыймансыз, күнөөкөр кылгандар. Аларга акыл-насаат айтып, ыйманга чакырбагандар ж.б.у.с.
[28] Рух – Ыйык Курандын дагы бир аталышы. Кудайдан берилген руханий жашоо, рухий жашоо. Жан да рух деп аталат. Алла адамга өз рухунан жан салган. Жан эч убакта өлбөйт. Ал үчүн өлүм жок.