Шыбак

Википедия дан
Artemisia absinthium.

Шыбак (лат. Artemisia, L. 1753) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир, эки, көп жылдык чөп чала бадал. Жыш агыш же бозомтук түктүү, кээде түксүз. Тамыры ичке, жоон, катуу. Бир сабактуу (мамыры шыбак), көпчүлүгү көп сабактуу, көп бутактуу, бийикт. 10-150 см (200 см шыраалжын шыбак) болот. Жалбырактары канаттай тилкелүү, улам түп жагы ири, жогорулаган сайын майда же аз тилкелүү. Гүлү майда, жашыл, саргыч, же кызгылт, себетче топ гүлгө чогулган, бир нече себетчеси биригип, калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Себетчелери сыртынан орооч жалбырактарга курчалган. Айрым түрлөрүнүн себетчелеринин четинде бир катар тегерете түтүкчөдөй энелик, ортосунда көп сандаган эки жыныстуу түтүкчөдөй гүлдөр, кээде жалаң аталык гүлдөр же жалаң түтүкчөдөй эки жыныстуу гүлдөр жайгашат. Уругу майда, үпүсүз.

400гө жакын түрү Европада, Түндүк Америкада, Африкада таралган. Кыргызстанда, 40дан ашуун түрү өрөөндөн тартып бийик тоолорго чейинки, жарым чөлдө, боздоңдо, шалбаада суу бойлоп же айдоону жээктеп өсөт. Эң кеңири жаралган жана айыл чарбада мааниси зор болгон түрлөрү төмөнкүлөр: шыраалжыншыбак – айыл жеринде куурап калган куурайы отунга пайдаланышат; карашыбак – малга тоют (силос катары); акшыбак – эрте жазда, кеч күздө мал оттойт; бүргөншыбак – эл арасында илгертеден шыпыргы катары кеңири пайдаланылган; мамырышыбак – илгертеден эл арасында ички органдардын ооруларына эң кеңири пайдаланышкан; э р-меншыбак – самын кайнатууда, табитти ачууга жана ашказан оорусуна пайдаланылат. Мамыры боордун, өттүн, көк боордун, жоон ичегинин оорусуна эң жакшы дары чөп. Ал Кыргызстандын бийик тоолорунда, ашууларда гана өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]