Мазмунга өтүү

Ыйгарым чарбасы

Википедия — ачык энциклопедия

Ыйгарым чарбасы - аңчылык, жыйноочулук жана балыкчылык экономикалык жактан үстөмдүк кылган чарба.

Адамзаттын чарбалык тарыхынын эң байыркы стадиясына туура келет. Бул стадия шарттуу түрдө «ыйгарым чарба» деп аталат, анткени аңчылардын, жыйноочулардын, балыкчылардын эмгеги жөнөкөй ыйгаруу менен чектелбейт. Эмгекти уюштурууда, жыйнагандарды тамак-аш катары пайдаланууда түрдүү техникалык жөндөмдүүлүктөр талап кылынат, тагыраак айтканда, алардын эмгегинде да татаал учурлар бар. Ыйгарып алуу экономикасындагы эң байыркы чарбалык-маданий типтер адамзаттын калыптануусунун баштапкы этабында пайда болгон.

Дыйканычылык жана мал чарбачылык пайда болор алдында, тагыраак айтканда, мындан 12 миң жылча мурда ыйгарга алуу экономикасындагы чарбалык-маданий типке ысык алкактагы тропикалык токойлордун аңчылары жана жыйноочулары, мелүүн алкак үстөмдүк кылган тоолордогу жана түздүктөрдөгү кыдырма аңчылар менен жыйноочулар, деңиз жээктериндеги жана дельталардагы жарым отурукташкан балыкчылар менен жыйноочуларга, ири жаныбарлардын үйүрүнө аңчылык кылуучуларга ж.б. таандык эле. Алар айрым райондордо өз аңчылык аймагында көчмөн кыдырма жашаган, башка райондордо жарым отурукташкан же аз сандагы айрым жүргөн топтор болушкан.

Бүгүнкүгө чейин сакталып калган мындай чарбалык типтерди этнографиялык изилдөө аларга сезондуу көчмөн жашоо ыңгайы, негизги өндүргүч каражаттарын коллективдештирүү, менчик жана эмгек натыйжасын коллективдүү бөлүштүрүү, архаикалык социалдык структура, өтө жарды материалдык маданият, институтташкан бийликтин жоктугу, диний түшүнүктөрдүн анимисттик формалары мүнөздүү экендигин көрсөттү. Натуралдык чарбасын товардык экономика буза элек аймактарда жашаган аңчылар менен жыйноочулар өзүнүн социалдык өнүгүүсүндө общиналык структуралык чектен чыга алыша элек.

Сезондук-экономикалык өнүгүүнүн эң жогорку деңгээлине жана калктын негизги бөлүгүнүн турукташуусуна Түндүк Американын Түндүк-Батышындагы деңиз бойлоп жашаган жарым отурукташкан балыкчылар чарбалык-маданий типтин өкүлдөрү (хайдалар, квакиютл, селиштер ж.б.) жетишкен.

19-к. эле алардын чарбасы комплекстүү, ал эми жашоо ыңгайы калктын бир бөлүгү сезондуу көчүп жүргөн отурукташкандык болгон. Азыркы экономикалык шартта алар толук отурукташууга өтүшкөн, анткени алар балыкчылык, аңчылык кылуу аймактарынан ажырашкан.

Ыйгарым экономикасындагы аңчылар менен жыйноочулардын тагдыры айрым өлкөлөрдө трагедиялуу болду. Бул өлкөлөрдө расалык, социалдык ж.б. эзүүнүн формалары сакталып калган. Мамлекет жеке өзү кам көргөн башка өлкөлөрдө абал башкачараак.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.