Ыйык лаврентий дарыясы

Википедия дан
Ыйык лаврентий дарыясы

Ыйык лаврентий дарыясы Түндүк Американын чыгышында.

Улуу көлдөр аркылуу агып өтөт. Өзүнүн уз. 1200 км (Онтарио көлүнөн Ыйык Лаврентий булуңуна чейин), бут суу спстемасынын уз. (Сен-Луи дарыясынын башталышынан) 3350 км. Алабынын аянты 1269 миң км2. Башкы куймалары. Оттава, Сен-Морис, Сагеней (сол). Рпшельё дарыясы (оң). Жогорку агымы [[АКШ]] менен Канаданын мамлекеттик чек арасы. темой жагы Канада аймагы аркылуу агат. Эки өлкөнүн тек ички бөлүктөрүн Атлантика океаны менен байланыштыруучу маанилуү табигый суу жолу.

Ыйык лаврентий дарыясынын өрөөнү кенен тектоникалык ойдуңда жайгашкан. Квебек шаарынан төмөн уз. 400 км, туурасы 50 км келген эстуарийди пайда кылат. Кар, жамгыр сууларынан куралат. Суунун көп жылдык орточо чыгымы Онтарио көлүнүн жайында 6750 мг\сек, Оттава дарыясынын чатынан төмөнүрөөк 7800 м31сек. Декабрдан апрелге чейин муз тоңот.

Ири ГЭСтер бар. Чатынан Жогорку келге чейин ири деңиз кемелери жүрөт.

Башкы шаардары жана порттору: Кингстон, Корнуолл, Монреаль, Сорель, ТруаРивьер, Квебек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.