Ылдамдаткычтар

Википедия дан

Ылдамдаткычтар - заряддалган бөлүкчөлөрдү - өтө чоң кинетикалык энергияга (100 КэВ -10 ГэВ жана андан жогору) чейин күүлөтүүчү түзүлүштөр.

Бөлүкчөлөрдү ылдамдатуунун түз, индукциялык, резонанстык ж. б. ыкмалары бар. Ылдамдаткычтар бөлүкчөлөрдүн кыймылынын траекториясынын формасы боюнча сызыктуу жана циклдик болуп бөлүнөт. Сызыктуу Ылдамдаткычтарда бөлүкчөлөрдүн кыймылынын траекториясы түз сызык боюнча, ал эми циклдик Ылдамдаткычтарда айлана же спираль боюнча болот. 20-30 МэВ энергияга чейин күүлөнтүүчү Ылдамдаткычтар техникада изотопторду алуу үчүн, материалдардын физикалык касиетин өзгөртүү үчүн, ошондой эле медицинада колдонулат. Негизинен Ылдамдаткычтар ядролук физикада жана жогорку энергиялар физикасында колдонулат.

Резонанстуу, циклдик Ылдамдаткычтар протондорду, нейтрондорду жана ар кандай химиялык элементтердин атомдорунун көп заряддуу иондорун ылдамдатуу үчүн колдонулат. Ылдамдануучу бөлүкчө өзгөрмө электр талаасы аркылуу туюк траектория боюнча бир нече жолу өткөрүлөт. Улам кийинки өтүүсүндө бөлүкчө өзүнүн энергиясын көбөйтө берет. Бөлүкчөнүн кыймылын башкаруу жана анын ылдамдатуучу электр талаасына мезгили менен келип турушун камсыз кылуу үчүн күчтүү магнит талаасы колдонулат. Резонанстуу Ылдамдаткычтардын эң жөнөкөйү - циклотрон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4