Ырамандын Ырчы уулу

Википедия дан

Ырамандын Ырчы уулу – элдик уламыш, аңыздар боюнча бул биринчи манасчы, Манастын ырчысы болгон.

“Ырамандын Ырчы уулу,

Ырдап айткан кебимди.

Канчалар кордук кылганда,

Кайраным тапкан эбимди” – деп, Манас баа берген.

Анын төл ырчысы Манас дүйнө салганда аны алгач кошуп ырдаган дешет. Андан соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен.

“Ырамандын Ырчы уулу,

Ычкыры бапик кырк мууну” – делинип, Сагымбайда Оргону жеңгени жана анын обозгери Ырамандын баласынын аты Каратай экени эскерилсе, Саякбайдын айтуусунда ал атайын Манасты издеп келип, чоро болот. Ырамандын Ырчы уулу тууралуу мындан башка маалымат жок. Кээде аны Жайсаң ырчы менен бир адам катары көрүшсө, кээде эки башка адам катары санагандар бар. Кандай болгон күндө да, “Манас” эпосун түптөп, ага чыйыр салган алгачкы ырчылардын бири катары эл дал ушул Ырамандын Ырчы уулун эсептешет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]