Ыргытылган ташка, таш ыргытып тийгизүү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 4—6 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар экиден болушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери менен таш ыргытуучу жерге чыгышып, бири ыргыткан ташты, кичиси ыргытылган ташка, таш атышып тийгизүүгө аракеттенишет. Андан кийин ролдору менен алмашышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу ыргытылган ташка, таш атып тийгизген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыргытылган ташка, таяк ыргытып тийгизүү, ыргытылган таякка, таш ыргытып тийгизүү, ыргытылган таякка, таяк ыргытып тийгизүү, ыргытылган тебетейге, тебетей ыргытып тийгизүү.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, таш ыргытылган жакта жүрүүгө, ташты төмөн ыктытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч тарбияланат, мээлөөгө, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]