Ырысдөөлөт Дооран уулу
Көрүнүш
Ырысдөөлөт Дооран уулу (Котур уулу деп да жазылып жүрөт; 1896, азыркы Жалал-Абад обл., Ноокен району, Шайдан өрөөнүнүн Көлмө деген жери - 1929, Чүй өрөөнү, Кара-Балта ш.) - кыргыз эл ырчысы.
Мундуз уруусунун дарга деген бутагынан. Ал 17 жашынан эл алдына ырдап чыккан. Кийин Арстанбап, Аксы аймагына белгилүү ырчы Карамырзага шакирт болуп, аны менен Аттокур деген бийдин тоюнда ырдаган. Ошондой эле атактуу Молдо Бекназар менен Сузактын Жийде деген жеринде өткөн тойдо айтышып, аны жеңип чыкканы жөнүндө узун сабак сөз айтылып калган. Анын «Ак Дилгир», «Өзгөчөм» деген ашыктык ырлары КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4