Ыр түзүлүшү
| Бул макаланы «Ыр өлчөмү» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Ыр түзүлүшү - ырдын тыбыштык курамынын түзүлүш ыгы. Ал бул же тигил тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык калыптанат.
Метрикалык ыр түзүлүш созулма (-) жана кыска (U) муундардын ырааттуу кайталанышына негизделет. Созулма жана кыска муундардын кайталанышы стопаны түзөт. Негизги стопалар: ямб (U -), хорей (U), трибрахий (U U U), стондей (---------), дактиль (U U) ж. б. Байыркы Ыр түзүлүшү антикалык доордо поэзия менен музыка али тарамдала элек мезгилде пайда болуп, көбүнчө созулма жана кыска үндүүлөр маани ажыратуучу касиетке ээ болгон тилде (мис., араб) кеңири тараган. Муунчул (силлабикалык) ыр түзүлүшү ыр саптарындагы муундардын бирдейлигине негизделет. Бул туруктуу басымга ээ тилдерге мүнөздүү (мис., франдуз, поляк, кыргыз). Муунчул-басымчыл (силлабикалык-тоникалык) Ыр түзүлүшү басым түшкөн жана басымсыз муундардын ырааттуу кайталанышына шартталган.
Негизги түрлөрү: эки муундуу хорей, ямб, үч муундуу дактиль, амфибрахий, анапест. Тоникалык Ыр түзүлүшүндө басымдуу муун бирдей, басым түшпөгөн муун ар кыл санда болот. Бул күчтүү динамикалык басым жана үндүүлөрдүн редукцияланышы мүнөздүү тилдерде өнүккөн (мис., немис, англис).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4