Мазмунга өтүү

Ысык-Көл форуму

Википедия — ачык энциклопедия

Ысык-Көл форуму - СССРде түзүлгөн эл аралык эркин форум.

Ысык-Көл форуму Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун демилгеси менен 1986-ж. октябрда уюшулган. Форумда жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө ой-толгоолор ортого салынган. Маданият ишмерлери Н. Менон (Индия), Л. Отеро (Куба), Нобель сыйлыгынын лауреаты К. Симон (Франдия), актёр Д. Болдуин (АКШ), жазуучу П. Устинов (Англия), сүрөтчү А. Текле (Эфиопия), жазуучу Я. Кемал (Түркия) жазуучу А. Миллер (АКШ), композитор 3. Ливанелли (Түркия), физик А. Форти (Италия), коомдук ишмерлерден Рим клубунун төрагасы А. Кинг, ЮНЕСКОнун генералдык секретары Ф. Майор (Испания) ж. б. катышкан. Ысык-Көл форумунун президенттигине Ч. Айтматов шайланган. Кыргызстандык интеллектуалдар форумду жаңы деңгээлде кайра жандандырууга аракеттенишүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4